13 метрлик кагаз учак

Эң чоң кагаз учакты жасооо учуру

«The Great Paper Airplane Project» долбоорунун алкагында эң чоң кагаз учак жасалып учурулган. Аны аризоналык Абада учуу жана комонавтика музейи колдоого алган.

Толугу менен

Жаңылыктар ,

Бишкекте стенддик моделизмдин тарыхый-техникалык көргөзмөсү өтөт

23-февраль майрам күнүнө карата Бишкекте стенддик моделизмдин тарыхый-техникалык көргөзмөсү өтмөкчү. Ал 21-февралда саат 15:00 ачылып, 25-февралга чейин ишин алып барат. Көргөзмөгө келгендер 1946-жылдан тартып 2010-жылга чейин чыгарылган 150 СССР жана чет элдик аскердик жана жарандык техникалардын моделдери менен тааныша алышат. Алардын арасында 1:144, 1:48, 1:72 масштабдарында жасалган авиамоделдер да болот.

Көргөзмөнү “АкТел” ЖЧКнын (“Фонекс”) колдоосунда Стенддик моделизм боюнча бишкектик клуб уюштурууда.

Көргөзмө: Бишкек ш., Шопоков көч., 101 А дареги боюнча өтөт.

Жаңылыктар ,

Raptor (жырткыч) — 1. Оригами

 
Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу орто
Учушу жакшы
Кыскача маалымат Сырткы көрүнүшү ушул учакка окшош дагы бир нече түрү бар. Бирок алардын жасоо ыкмалары башкараак. Алардын баары жакшы учат. Учакты жасап жаткандагы айрым каталарга «кечиримдүү» келишет.

Толугу менен

Оригами, Орто , , , , ,

Баары оңдолду

Kloopтун өкүлдөрү менен маселени чече алдык. Эми баары кайра кыргызча туура жазылат 🙂

Жаңылыктар ,

Блогдогу аргасыздан кылынган айрым өзгөртүүлөр

Kloop порталындагы убактылуу маселелрге байланыштуу рублоикалардын аталыштарын кыргызча ката жазууга туура келип жатат. Болбосо аталышында кыргыз тамгалары бар рубрикалар туура иштебей керектүү маалыматтарды издөөдө маселелрди жаратууда. Аталган нерселер убактылуу гана деген  үмүттөбүз.

Жаңылыктар ,

Як-1 тууралуу маалымат

Блогдун Энциклопедия баракчасы Як-1 учагы тууралуу маалымат менен толукталды.

Жаңылыктар , , , ,

Төмөнплан калкыгыч. Жөнөкөй

Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү жөнөкөй
Жасоо ыкмасы кесип-желимдөө
Жасоо оордугу орто
Учушу орто
Кыскача маалымат Бул кагаздан кесип, желимдеп жасай турган жөнөкөй учак. Ушуга окшош башка учактардан айырмасы — канатынын төмөн жагында жайгашышы (ушуга окшош учактардын түрлөрүндө канаты адатынча жогору жагында жайгашат). Бул учактын түзүлүшү кагазга түшүрүлгөн, даяр. Аны бир гана жүктөп алып, принтерден чыгарып сызыктар боюнча кесип, желимдеш керек. Файлда учакты жасоо түшүндүрмөсү да бар.

Файлды жүктөө

Жөнөкөй учактар , , ,

Эң жөнөкөй учак. Оригами

Кагаздын форматы чакмак (квадрат)
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами, модель
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу жеңил
Учушу жакшы
Кыскача маалымат Бул балким оригами жолу менен жасалган кагаз учактын эң жөнөкөйү. Бирок учканы жакшы.

Толугу менен

Жеңил, Оригами ,

Тик канаттуу калкыгыч. Оригами

Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами, модель
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу орто
Учушу орто
Кыскача маалымат Бул учак чыныгы учактарга окшошуп кетет — учактардыкындай тик канаты, эки кили жана калыптандыргычтары да бар. Анын жасалышы бир аз оорурак, бирок туура жасасаңар ал жакшы учат.

Толугу менен

Оригами, Орто , , , , ,

Жөнөкөй учак. Оригами

Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу жеңил
Учушу жакшы
Кыскача маалымат Бул учактын түрүн 7 жаштагы уулум Адил ойлоп чыгарды. Айтымында, аны жасоо жолун ал түшүндө көргөн экен. 🙂 Учак жөнөкөй, бирок жакшы учат.

Толугу менен

Жеңил, Оригами , , ,