Учуучу канат. Жөнөкөй

 
Кагаздын форматы өтө деле чоң эмес кагаз барак
Кагаздын түрү принтер кагаз, албом барагы
Учактын түрү жөнөкөй учак
Жасоо ыкмасы бүктөп кесүү
Жасоо оордугу жеңил
Учушу орто
Кыскача маалымат Бул кагаздан кесип жасай турган учактын эң жөнөкөй түрү. Анда биз көнүп калган учактардыкындай киль, туруктандыргычы (стабилизатору) жок. Салмак борборун жылыштырып, учактын жакшы учушун камсыз кылуу макстатында ширеңкенин чийи колдонулат - аны же ылдыга чыгарып, же артка тартып учактын жакшы учушун камсыз кылабыз.

Жасалышы:

  1. Учактын формасы жана өлчөмдөрү сүрөттө көрсөтүлгөнгө жакын болушу керек. Такма-так ушундай болушу шарт эмес.
2. Учактын канаттары бирдей болушу үчүн баракты бүктөп, бүктөмүнө жаткырып учактын жарымынын сөлөкөтүн жогоруда айтылган формада жана өлчөмдө тартып алып кайчы менен кесиш керек.
 3. Кесилген фигураны жазып, канаттарынын учтарын сүрөттөгүдөй кылып бүктөйбүз. Бүктөлгөн учтар канатка тик болушу керек. "х" тамгалары белгиленген жерлерди кайчынын учу менен тешебиз (ширеңкенин чийи батчудай гана кылып). Эки тешилген жердин аралыгы 1,5 см болсун. Ширеңкенин чийин орнотобуз.
Жөнөкөй учактар , , , ,

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *