Бульдог. Оригами

 
Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу жеңил
Учушу жакшы
Кыскача маалымат Бул учактын мындай аталышы тумшугу бульдогдукуна окшоштугунан. Бирок жакшы учат.

Жасалышы:

 1. А4 форматындагы кагазды алдыбызга ушундай коебуз.
2. Оң каптал учун сүрөттөгүдөй кылып бүктөйбүз.

3. Аны кайра жазабыз.

4. Эми сол каптал учун бүктөйбүз.

5. Аны да кайра жазабыз.

6. Пайда болгон бүктөмдөр боюнча сүрөттөгүдөй кылып бүктөйбүз, б.а. эк капталын ичке киргизип, үстүңкү бөлүктү бери бүктөйбүз..

7. Уч бурчтуктун үстүн ылдый каратып бери бүктөйбүз. Бүктөм үч бурчтуктун тең ортосунан ылдыйыраак болушу керек.
8. Ар-бир капталындагы эки үч бурчтук бүктөмдүн бирин учу ортодогу ылдый караган үч бурчтуктун ары жагына киргендей бүктөйбүз.
9. Пайда болгон фигураны өзөк сызык боюнча эки капталын бир-бирине дал келтирип бүктөйбүз. Бүктөлгөн учурда бизди карап турган жагы ичте калыш керек.
10. Ылдыйкы төрт бурчтуу бөлүгүн тең ортосунан бүктөйбүз. Ошондой эле канат учтарынан бир аз бери жылып дагы бир буктөм кылабыз. Анан ал бүктөмдөр боюнча канатты бери бүктөп жазып, канаттын учтарын ары бүктөйбүз.
Жеңил, Оригами , , ,

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *