Бул учак чыныгы учактарга окшошуп кетет - учактардыкындай тик канаты, эки кили жана калыптандыргычтары да бар. Анын жасалышы бир аз оорурак, бирок туура жасасаңар ал жакшы учат.
Жасалышы:
1. Узунунан бүктөп-жазып өзөк сызыгын жасап алабыз.
2. Сол жагынан кагаздын жалпы узундугунан 2/5 аралыкта (А4 форматындагы кагазда болжол менен 12 см) бүктөм кылабыз.
3. Бүктөлгөн капталын кайра артка тең эки кылып бүктөйбүз.
4. Бери жагын ары каратып которобуз.
5. Сол каптал-учтарын сүрөттөгүдөй кылып бүктөп жазабыз. Пайда болгон үч бүрчтуктардын эки капталынын өлчөмү ары жакта калган бүктөмдүн туурасындай болот.
6. Бүктөмдөр боюнча сүрөттө көрсөтүлгөндөй бүктөмдөрдү жүргүзөбүз. Ылдый, өйдө жагын бирдей.
7. Мурдагы бүктөмдөрдү туура жасасак ушундай көрүнүш болот - өйдөкү бүктөлгөн каптал ылдыйкыны бир аз жаап турат. Эми сүрөттөгүдөй кылып кыйгачынан (диагональ боюнча) ар бир капталды дагы бир ирет бүктөп чыгабыз.
8. Капталдарын дагы бир жолу бүктөйбүз. Аларды бүктөгөндө берки кыры аркы кыры менен тең болушу керек. Бүктөп жатканда үстүңкү кагазы жылышып кетпегенине көңүл бургула. Алгач үстүңкү капталын, анан ылдыйкы капталын бүктөйбүз. Капталдар бүткөндөн кийин учактын тумшугун бүктөйбүз. Тумшугунун бүктөмү тумшугунун кеңдигинин болжол менен 1/3 аралыгында болушу керек. Тумшугу бүктөлгөндө бүктөлгөн капталдары жазылбагандай кылып "бекитип" калат.
9. Бизди карап турган жагы сыртында калгандай кылып учакты өзөк сызыгы боюнча бүктөйбүз.
10. Эми канат учтарын бүктөп, киль менен туруктандыргычын (стабилизаторун) жана канатын жасайбыз. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй бүктөмдөр боюнча жана иретте жасашыбыз керек. Мындай ирет бергенибиз - канаттарынын учтары жана киль, туруктандыргычтары бири-бирине тең болсун деп. Учакта симметрия жакшы сакталса ал жакшы учат. Учактын канатын жасап жатканда анын фюзеляжын тең ортосунан бүктөйбүз.