Жөнөкөй учак. Оригами

Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу жеңил
Учушу жакшы
Кыскача маалымат Бул учактын түрүн 7 жаштагы уулум Адил ойлоп чыгарды. Айтымында, аны жасоо жолун ал түшүндө көргөн экен. 🙂 Учак жөнөкөй, бирок жакшы учат.

Жасалышы:

 1. Баракты узунунан так ортосунан бүктөп-жазып алабыз - Өзөк сызык пайда болот.
 2. Эки каптал учун сүрөттөгүдөй кылып бүктөйбүз. Анын кырлары өзөк сызык менен дал келиши керек.

 3. Пайда болгон үч бурчтукту таманы боюнча дагы бүктөйбүз. Учу өзөк сызыкта жатышына көңүл бургула.

 4. Эки каптал учун дагы бир жолу бүктөйбүз. Бирок бул жолу бүктөмдөрдүн бир учу өзөк сызыкта жатпайт - өзөк сызыктан 0,7-0,8 см аралыкта болот. Капталдардын учу өзөк сызыкка жетиши керек.

 5. Бүктөлгөн капталдардын алдынан чыгып турган үч бурчтуктун учун эки капталды жапкандай кылып бүктөйбүз, б.а. "кулпулайбыз".

 6. "Кулпулаган" кичи үч бурчтуктун учуна үч бурчтуктун өлчөмүндөй аралык  жетпей өзөк сызыкка тик болгон бүктөм боюнча учактын тумшугун оңго бүктөйбүз.

 7. Бизди караган жагы сыртында калгандай кылып учакты өзөк сызык боюнча бүктөйбүз.
8. Баарын туура жасасаңар ушундай фигура жаралат. Эми канаттарын жасашыбыз керек. Канат бүктөмүнүн сол жактагы учу учактын тумшугунун ортосунан ылдыйырак болот (өзөк сызыктан бүктөмгө чейин аралыкты "а" деп коелу). Бүктөмдүн экинчи учу өйдөңкү-оң каптал учунан "b" аралыкта жайгашып, "а" аралыгы "b" аралыгына болжол менен тең болот. Бүктөм боюнча канатты бүктөп, ал фюзеляжга болжол менен тик бурчта болгондой кылып кайра жазабыз.
Жеңил, Оригами , , ,

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *