Raptor (жырткыч) - 1. Оригами

 
Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу орто
Учушу жакшы
Кыскача маалымат Сырткы көрүнүшү ушул учакка окшош дагы бир нече түрү бар. Бирок алардын жасоо ыкмалары башкараак. Алардын баары жакшы учат. Учакты жасап жаткандагы айрым каталарга "кечиримдүү" келишет.

Жасалышы:

1. Узунунан бүктөп-жазып өзөк сызыгын жасап алабыз.
 2. Эки каптал учтарын сүрөттөгүдөй кылып бүктөйбүз.

3. Бүктөлгөн каптал учун кайра артка тең эки кылып бүктөйбүз.

4. Сүрөттөгүдөй бүктөм сызык боюнча капталдарын бүктөп, кайра жазабыз.

5. Сүрөттөгүдөй бүктөм сызык боюнча капталдарын бүктөйбүз.

6. Эми эмне кылуу керек сүрөттө жакшы көрүнүп турат.

7. Бери жагын ары каратып которобуз.
8. Учактын учун бери карай бүктөйбүз. Учу канатынын бүктөлгөн учтарын бириктирген элестетилген сызыкка бир аз жетпейт.
9. Бүктөлгөн учак учунун болжол менен 2/3 бөлүгүн сүрөттөгүдөй кылып кайра артка бүктөйбүз.
10. Бизди карап турган жагы сыртта калгандай кылып учакты өзөк сызык боюнча тең эки бүктөйбүз.
11. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй бүктөмдөрдү жасап, ирети боюнча бүктөйбүз. №2 бүктөм учактын куйругун жасаганга жардам берет. Аны жасаш үчүн учакты бир аз жазып, учактын куйрук учун өйдө чыгарабыз.
Оригами, Орто , , , , ,

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *