Бишкекте стенддик моделизмдин тарыхый-техникалык көргөзмөсү өтөт

23-февраль майрам күнүнө карата Бишкекте стенддик моделизмдин тарыхый-техникалык көргөзмөсү өтмөкчү. Ал 21-февралда саат 15:00 ачылып, 25-февралга чейин ишин алып барат. Көргөзмөгө келгендер 1946-жылдан тартып 2010-жылга чейин чыгарылган 150 СССР жана чет элдик аскердик жана жарандык техникалардын моделдери менен тааныша алышат. Алардын арасында 1:144, 1:48, 1:72 масштабдарында жасалган авиамоделдер да болот.

Көргөзмөнү “АкТел” ЖЧКнын (“Фонекс”) колдоосунда Стенддик моделизм боюнча бишкектик клуб уюштурууда.

Көргөзмө: Бишкек ш., Шопоков көч., 101 А дареги боюнча өтөт.

Жаңылыктар ,

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *