13 метрлик кагаз учак

Эң чоң кагаз учакты жасооо учуру

"The Great Paper Airplane Project" долбоорунун алкагында эң чоң кагаз учак жасалып учурулган. Аны аризоналык Абада учуу жана комонавтика музейи колдоого алган.

Бул долбоор жергиликтүү гезит тарабынан башталган. Ал “Ири кагаз учак долбоору” аталышындагы сынак жарыялап, аны 12 жаштагы Артуро Валденегро утуп алган. Сынактын сыйлыгы утуп алган долбоорду иш жүзүнө ашырууга кесипкөй инежнерелердин жардамы эле.

Дүйнө жүзүндөгү эң чоң кагаз учактын узундугу 13,7 метрге жетип, салмагы 363 кг түздү. Тик учак кагаз учакты чоң бийиктикке көтөрүп кое бермек. Бирок бул иш жарым жартылай гана аткарылды. Анткени тик учак 824 метр бийиктикке жеткенде кагаз учак катуу чайпала баштап, ал сынып калуу коркунучу пайда болгон. Ошондуктан так ушул бийиктиктен учакты эркин кое беришкен. Ал 1,5 километрдей жерге чейин учуп, ылдамдыгы 158 км/саатка чейин жеткен. Учуу убактысы жалпысынан болгону 6 секундду түзгөн. Белгилей кетүүчу жагдай, кагаз учакты адам жашабаган Аризона чөлүндө учуруп сынашкан.

Аталган окуя 2012-жылдын 21-мартында болгон.

Материал http://www.popmech.ru/blogs/422-interesnosti/ блогунан алынды.

Жаңылыктар ,

Добавить комментарий для REMONTSl Отменить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *