АВТОРДУК УЧАКТАР

Бул баракка өзүм ойлоп чыгарган учактардын же мурда белгилүү учактардын мен жакшырткан түрлөрүн чыгарып турмакчымын.

Төмөнплан учак. Жөнөкөй

Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү жөнөкөй
Жасоо ыкмасы кесип-желимдөө
Жасоо оордугу орто
Учушу орто
Кыскача маалымат Бул кагаздан кесип, желимдеп жасай турган жөнөкөй учак. Ушуга окшош башка учактардан айырмасы - канатынын төмөн жагында жайгашышы (ушуга окшош учактардын түрлөрүндө канаты адатынча жогору жагында жайгашат). Бул учактын түзүлүшү кагазга түшүрүлгөн, даяр. Аны бир гана жүктөп алып, принтерден чыгарып сызыктар боюнча кесип, желимдеш керек. Файлда учакты жасоо түшүндүрмөсү да бар.

Файлды жүктөө

 

Жөнөкөй учак. Оригами

Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу жеңил
Учушу жакшы
Кыскача маалымат Бул учактын түрүн 7 жаштагы уулум Адиль ойлоп чыгарды. Айтымында, аны жасоо жолун ал түшүндө көргөн экен. 🙂 Учак жөнөкөй, бирок жакшы учат.

Толугу менен

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *