Ким гана балалык кезинде кагаздан учактарды жасап, аларды көк асманга учуруп, чоңойгондо учкуч же космонавт болгусу келбеди. Мен да андай элем. Учкуч болууну мага Кудайым буюрбаптыр. Бирок балалык кыял, авиацияга болгон сүйүү көкүрөктө жашап келет. Жыгачты аралап кесип, темирди ийип, моторун орноштуруп учакты жасаганды билбейм. Ага да өзүнчө шык керек окшойт. Бирок колума кагаз тие калганда андан учакты жасай коюп, асманга узатып калам. Абада калкып учуп баратканын көрүп өзүмдү кайра баягы жаш баладай сезип кетем. Убакыт өтүп уламдан улам жаңырак, башкачарак учактарды жасагым келип жатты. Ар-түрдүү булактардан адамдын ойуна да келе турбаган кагаз учактарды жасоо боюнча компьютер толгондой маалыматтарды чогултканы жетиштим. "Собака не сенеге" окшошуп аларды катып жата бербей башкалар менен да бөлүшкүм келет. Балким мен сунуштаган учактар саны боюнча көп деле болбостур, бирок алардын ар-бирин өзүм жасап сыноодон өткөрүп гана сунуштайын деп жатам. Анткени Интернетте карасаң кооз, бирок жасай келсең - түшүнүксүз, машакаттуу түзүмдөр көп. Адам учакты жасоодон ырахат албай, кайрадан чарчайт, жинденет. Менде андай болбойт деп үмүттөнөм.
Кагаздан учактарды жасоонун ыкмалары көп. Мен негизинен бүктөө, кээде кесип желимдөө жолу менен жасалчуларды гана сунуштайм. Аларда мотор болбойт. Абада планер сыяктуу калкып уча тургандар гана.
Ушуну менен кошумча аэродинамика, учактын түзүлүшү, оригами тууралуу кыскача маалыматтарды берейин деп чечтим. Жакшы учакты жасаганга, а балким өзү жаңысын ойлоп-таап чыгарганга жардам болоттур.
Биз менен байланыш үчүн бул дарекке кат жазсаңар болот - [email protected]