ЭНЦИКЛОПЕДИЯ

Кириш сөз

Бул бетке абада учкан абадан оор айрым аппараттар тууралуу маалыматтарды берип турсамбы дейм. Анткени көп учурда оригами болобу, же моделдик учактар болобу алар кайсы бир учакка окшоштурулуп жасалат. Мындайда прототипи кандай болду экен деген суроо туулат. Анан да кыргыз тилдүү Интернеттен мен, тилекке каршы, авиацияга арналган сайтты таба албадым. Менимче бул эң чоң кемчиликтердин бири. Анткени авиация тармагы, дүйнөлүк тарых көрсөткөндөй, техникалык өсүштү камсыз кылган негизги бир инновациялык тармактардын бири болуп саналат. Андан сыртта калганыбыз туура эмес го. Алдыңкы жаштарыбызы - Кыргызстандын келечеги - дүйнөлүк билим менен таанышыш үчүн англис, жок дегенде, орус тилин билет дечи. Бирок кыргыз тилибиз жаңыланууга дарманы жок, өлүк тилге айланбашын кааласак - тилибизди заманбап билим тили да кылышыбыз керек. Бул машакаттуу улуу ишке сайтым менин аз да болсо салымым болсун.

Авиациянын тарыхы, ар бир учак боюнча орус тилдүү адистешкен айрым сайттардай толук маалыматтарды бере албайм. Мындай ишти алып барганга чамам жетпейт. Кыскача гана, баштапкы түшүнүк боло тургандай маалыматтарды бере алам. Бара-бара бул ишти толугу менен бирөө колго алаттыр.

Маалыматтар

Учактар

 

Тик учактар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *