|
Fiat G.50 "Freccia" атактуу Hurricane, Spitfire жана Bf 109 аскердик учактарыныны замандашы болот. Бирок алар сыяктуу кайсы бир сапаттары менен белгилүү боло албады. Жакшыртуулар да жакшы тыянак бербеди. Ага карабай ал жарык көргөн 1936-жылы италиянын мыкты истребители болгон. Ал бул өлкөдөгу биринчи толугу менен темирден жасалган, шассиси жыйналып алына турган учак эле.
Учактын конструктору Г.Габриэлли. Fiat G.50 бир канаттуу моноплан үчүн өтө ийкемдүү, башкаруусу эң жеңил учак болчу. Бирок бул артыкчылыктардын бардыгын жокко чыгарган эки чоң кемчилиги бар эле: моторунун аз кубаттуулугу (840 аттын күчү) жана куралынын начарлыгы – болгону эки 12,7 мм калибриндеги пулеметтор.
Башында алар жабык кабиналуу эле. Бирок кийинчирек ачык кабыналуу кылып чыгарыла баштаган. Бул сөзсүз учактын ансыз да аз ылдамдыгынын азайышына алып келген. Бирок ылдамдыгынын азайышы олутту эмес эле. Ал эми учкучтар ачык кабинада учканды көбүрөк жактырышчу.
Учак катышкан аба согуштарында өзүн эч бир жагынан көрсөтө албады. Бир гана фашисттик германия тарапта согушкан финдердин колдонуусунда ал кайсы бир деңгээлде жеңиштерге жете алды десек болот. Fiat G.50 ызгардуу суукта иштөөгө эсептелбегени, куралынынын начарлыгы жана көп алыс учалбагандыгы фин учкучтарында көп нааразычылыкты жаратканы менен 10 фин асы (душмандын 5тен кем эмес учагын атып түшургөн учкуч ас деген наамга татыган) душмандын бир топ учактарын Fiat G.50 менен жок кылышкан. Алардын эң атактуусу – Ойво Туоминен (согуштун аягына чейин 43 жеңишке жете алган). Бир жолу ал 4 мүнөттүн ичинде советтик 4 бомба ташыгычты атып түшүргөн.
Бардыгы 350гө жакын Fiat G.50 жасалган. Айрым аскердик бөлүктөрдө 1948-жылга чейин колдонулган.
УЧУУ-ТЕХНИКАЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ |
|
Модификация | G.50 |
Канатынын кучагы, м | 11.00 |
Узундугу, м | 7.80 |
Бийиктиги, м | 3.22 |
Канатынын аянты, м2 | 18.27 |
Салмагы, кг: | |
- бош учактыкы | 1963 |
- максималдуу учуу | 2403 |
Моторунун түрү | 1 ПД Fiat A.74 RC38 |
Кубаттуулугу, а.к. | 1 х 840 |
Максималдуу ылдамдыгы, км/саат: | |
- жерге жакын | 400 |
- бийиктикте | 473 |
Крейсердик ылдамдыгы, км/саат | 425 |
Уча алган алыстыгы, км | 670 |
Максималдуу бат көтөрүлүшү, м/мүн | 1200 |
Уча алган бийиктиги, м | 10750 |
Экипаж | 1 |
Куралы: | эки 12.7-мм пулеметтор |
Сүрөттөр жана маалыматтар "Уголок неба" сайтынан алынды. Бул сайттан Fiat G.50 Freccia учагынын дагы башка сүрөттөрүн көрө аласыздар.
ЖАРНАМАНЫН ОРДУ