|
Атактуу И-16 жана И-15терди Испаниядагы жарандык согушта (1936-1939 жж) колдонуу - алар эскире баштаганын көрсөттү. Ушул эле Испанияда алгачкы согуштук сыноодон өтүп жаткан фашисттик Германиянын жаңы истребители Вf 109В-2 менен аба майданында кездешүү чоң жоготууларга алып келди. Абадагы артыкчылыкты алдырып жиберүүдөн чочулаган советтик бийлик жаңы типтеги аскердик учактарга сынак жарыялайт.
1940-жылы мамлекеттик сыноого Александр Яковлевдин И-26 деген аскердик учагы да чыгат. Кийин ал конструктордун аты-жөнүнө байланыштуу Як-1 деп атала баштайт. А.Яковлев буга чейин эч качан аскердик учактарды жасап көргөн эмес. Бул анын биринчи аракети эле. Бирок анысы жемиштүү болду. Спорттук учактарды жасап келген А.Яковлевдин бул учагы аэродинамикалык жактан алганда таза эле (абанын агымына каршылык кыла турган элементтердин аздыгы, же алардын каршылык аз көрсөткөндөй кылып жасаланышы). Абада жакшы ийкемдүү болчу. Учакты башкаруу да аны менен катар мамлекеттик сыноого чыккан башка учактардан айырмаланып өтө жөнөкөй болчу. А.Яковлев учактарынын бул артыкчылыгы согуш аяктаганга чейин сакталат – тажрыйбасы аз учкучтар да бат өздөштүрө алышкан. Мында А.Яковлевдин мурда спорттук учактарды жасоодо алган тажрыйбасы сезилип турат.
Бул жерде белгилей кете турган нерсе, А.Яковлев башында өз учагын жаңы, али да даяр эмес, бирок жакшы көрсөткүчтөрдү убадалаган кубаттуу М-106 моторуна эсептеген эле. Бирок мотор даяр эмес болгондуктан ал кубаттулугу азыраак М-105П моторун учагына коюга аргасыз болгон. Тагдырдын тамашасы - убактылуу деп коюлган мотор (анын жакшыртуулары менен) согуш аяктаганга чейин Яктарга коюлган негизги мотор болуп калды. Советтик мотор ойлоп табуучулар кубаттуу, ошол эле кезде туруктуу, жакшы иштеген моторлорду сунуштай алышпады. Бул кемчилик согуштун дээрлик акыркы жылдарына чейин сакталды. Ага байланыштуу советтик учак конструкторлордун негизги баш ооруусу – учактын салмагы болуп калды. Учакты жеңилдетиш үчүн бензиндин көлөмүн азайтышты (демек учактын уча алган убактысын да), курал кубаттуулугун да жакшы өстүрө алышпады (кошумча пулемет, замбирек – кошумча салмак).
Согуш башталганга чейин советтик өндүруш 425 учакты чогултканга жетишти. Бирок алар учкучтар жактан али да өздөштүрүлө элек болчу.
Өзүнүн көрсөткүчтөрү менен фашисттик Германиянын ошол кездеги негизги истребители Вf 109Е учактарынан артыкчылык кылганы менен фронтко жаңы келе баштаган Вf 109F учактарына бир аз уттуруп коет эле. Бирок согуштун алгачкы жылдарында советтик учактардын эң жакшысы деп Як-1 таанылып, бул учакта учуп жүргөн жолдоштуруна башкалары кызгануу менен карашат эле.
Як-1 аэродинамикалык схемасы жагынан алганда төмөнплан болуп эсептелет (канаты фюзеляждын төмөн жагында жайгашкан, канаттары фюзеляжга бекигендиги боюнча дагы ортоплан жана бийикплан болуп бөлүнөт). Конструкциясы аралаш. Алдынан караганда овал формасындагы фюзеляж болот түтүкчөлөрдөн жасалган фермалык каркастан турчу. Баш жагы дюраль, куйрук жагы кездеме менен капталган. Канаты чечилбеген, жыгачтан жасалган. Анын жабуусу фанерадан болчу, фанеранын үстү кездеме менен капталчу. Шассиси үч точкалуу: канат алдында жана куйругунда. Бензин төрт бакта канаттарында жайгаштырылган.
Учак 1944-жылдын жайына чейин чейин серия түрүндө чыгарылды. Бардыгы болуп 8670 учак өндүрүлгөн.
УЧУУ-ТЕХНИКАЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ |
|
Модификация | Як-1 (жакшыртылган Як-1) |
Канатынын кучагы, м | 10.0 |
Узундугу, м | 8.48 |
Бийиктиги, м | 3.218 |
Канатынын аянты, м2 | 17.15 |
Салмагы, кг: | |
- бош учактыкы | 2445 (2410) |
- нормалдуу учуу | 2950 (2700) |
Моторунун түрү | 1 ПД М-105ПА (ВК-105ПФ) |
Кубаттуулугу, а.к. | 1 х 1050 (1180) |
Максималдуу ылдамдыгы, км/саат: | |
- жерге жакын | 472 (531) |
- бийиктикте | 569 (592) |
Крейсердик ылдамдыгы, км/саат | - |
Уча алган алыстыгы, км | 650 (850) |
Максималдуу бат көтөрүлүшү, м/мүн | 877 (926) |
Уча алган бийиктиги, м | 10000 |
Экипаж | 1 |
Куралы: | бир 12.7-мм УБС пулемету же 20 мм ШВАК замбиреги, эки 7.62-мм ШКАС пулеметтору |
ЖАРНАМАНЫН ОРДУ