Як-3

  • Өндүрүүчү: Яковлевдин КБсы
  • Өлкө: СССР
  • Биринчи жолу абага көтөрүлүшү: 1943-ж.
  • Түрү: Истребитель

Як-3 экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы эң атактуу истребитель учактардын бири. Балким, эң мыктысы дагы. Бул учактарда согуштун акыркы жылдарында согушкан француздардын белгилүү “Нормандия-Неман” авиаполкунун учкучтары сыймыктанып айтышкандай, Як-3тө алар фашисттик учактарды 5000 миң метр бийиктикке чейин (андан бийгирээк аба согуштары негизинен жүргүзүлчү эмес) каалагандай атып түшүрүшөт эле.

Як-3 фронтто 1944-жылдын июнь айларынан баштап колдонула баштаган. Согуштун аягына чейин бардык модификациялары менен эсептегенде 4848 учак жасалган.

Як-3 түзүлүшү боюнча 1940-жылы колдонууга кабыл алынган Як-1 учагынын жакшыртылган модификациясы деп койсок болот. Көп жагынан бул учактар бири-бирине окшош болушкан. Ал эмес Як-3 учагынын сынакка чыккан алгачкы нускасы Як-1М “Дублер” деп аталган.

Як-1ди жакшыртуу амалында учактын салмагын азайтууга, аэродинамикалык формаларын жакшыртууга басым кылынган. Жыйынтыгында 2-дүйнөлүк согуш учурунда серия түрүндө өндүрүлгөн учактардын эң жеңили пайда болгон. Бул жерде белгилей кете турган нерсе, согуштун алдындагы жылдарда СССРде учактарда колдонулуучу темирлер аз өндүрүлгөндүктөн учактар негизинен жыгачтан жасалган. Жыгачтан жасалган учактар темирден жасалган учактарга караганда бир топ оорураак болот. Як-3 учагын ойлонуштуруп жаткан жылдарда СССРде темирдин жетишпестиги алгачкы согуш жылдарындагыдай курч болгон эмес, ошондуктан бул учактагы айрым жыгачтан жасалган жабдыктар темир менен алмаштырылган. Бул бир топ салмакты азайтууга мумкүнчүлүк берген.

Жаңы учактын ылдамдыгы да, ийкемдүүлүгү да бир кыйла өскөн. Як-3 учагында орто, ал эмес андан да төмөнүрөк квалификациядагы учкучтар уча алышкан. Бул жагынан ал ошол кездеги башка атактуу советтик Ла-5ФН учагынан артыкчылык кылган. Лавочкиндин учагында тажрыйбалуу гана учкучтар уча алышкан.

Бирок Як-3түн абада уча алган убактысы кыскаргандыктан (салмагын азайтуу максатында бензобактын көлөмү да кичирейтилген, бензиндин көлөмү 20%дык запасты эске алганда орточо 45 мүнөттүк учууга гана жеткен) аны эркин мергенчиликке чыгууга колдонуу мүмкүн эмес эле. Аны негизинен абадагы артыкчылыкка жетиш үчүн, башкача айтканда асманды душмандын учактарынан тазалаш үчүн колдонушчу: бомба ташыгычтарды коштоого, душмандардын учактарын тосуп учуп чыгууга.

УЧУУ-ТЕХНИКАЛЫК
КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Модификация Як-3
Канатынын кучагы, м 9.20
Узундугу, м 8.50
Бийиктиги, м 2.42
Канатынын аянты, м2 14.85
Салмагы, кг:
- бош учактыкы 2123
- нормалдуу учуу 2692
Моторунун түрү 1 ПД ВК-105ПФ2
Кубаттуулугу, а.к. 1 х 1240
Максималдуу ылдамдыгы, км/саат:
- жерге жакын 567
- бийиктикте 646
Крейсердик ылдамдыгы, км/саат -
Уча алган алыстыгы, км 648
Максималдуу бат көтөрүлүшү, м/мүн 1111
Уча алган бийиктиги, м 10400
Экипаж 1
Куралы: бир 20 мм ШВАК замбиреги,
эки 12.7-мм УБС пулеметтору

Маалыматтар "Уголок неба" сайтынан алынды.

ЖАРНАМАНЫН ОРДУ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *