|
Өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында авициялык державаларда (Франция, Улуу Британия, АКШ, СССР) үндөн бат учуучу адам ташыгыч лайнерди куруу үстүндө кызуу иш башталат. Буга ошол кездеги үндөн бат учуучу аскердик учактарды жасоодогу ийгиликтер түртмөлөгөн.
СССРде мындай лайнерди жаратуунун үстүндө Туполевдин жана Мясищевдин конструктордук бюролору иш алып барышкан. Үн ылдамдыгынан бат учучу аскердик учактарды жасоодогу ийгиликтерге карабай конструктордук бюролордун алдында али чечиле көп маселелер турган эле. Алардын бири - кантип узак убакытка учактын үндөн бат учуусун камсыз кылуу. Аскердик учактар за гана убакытка тез учушчу. Ал эми адам ташыгыч лайнер кеминде 2-3 саат тынбай үндөн бат учушу керек эле. Дагы бир чоң маселе - учактын канаты 200-300 км/саат ылдамдыктан баштап 2000-2600 км/саат ылдамдыкка чейин бирдей эффективдүү болушу керек болчу. Бул маселенин себеби - үн ылдамдыгына чейин жана үн ылдамдыгынан кийин абанын кыймылы, аэродинамикалык сапаттары кескин айырмаланып турат.
Ту-144 учагын иштеп чыгууда көп жаңы нерселер киргизилди. Алардын бири Ту-144тө бизге көнүмүш болгон учактын куйругу жок эле. Дагы бир өзгөчөлүк - учак учаарда жана коноордо анын кабина алдындагы мурду ылдый карап турат эле. Бул учкучка алды жагына көз салганга ыңгайлуу болчу. Учак абага көтөрүлүп ылдамдана баштаганда аба каршылыгын азайтыш үчүн мурду көтүрүлүп түз абалга келчү.
Алгачкы Ту-144 сынак учагы 1965-жылы курула баштаган, ал эми биринчи жолу абага ал 1968-жылы көтөрүлүп 37 мүнөт учкан. Ошентип Ту-144 үндөн бат учкан дүйнө жүзүндөгү эң биринчи адам ташыгыч лайнер болуп калды. Анын атаандашы атактуу англо-француздук “Конкорд” учагы абага эмки жылы гана мартта көтөрүлө алды.
Серия түрүндө өндүрүлгөн биринчи Ту-144 абага биринчи жолу 1972-жылдын 20-мартында көтөрүлдү. Бирок биринчи жолу такай негиздеги авиакаттамга төрт жылдан кийин гана 1976-жылдын 29-апрелинде чыккан. Ал жумасына бир жолу Москва – Алма-Ата авиакаттамында жүргүнчүлөрдү ташый турган. Эки шаардын аралыгы 3260 км болуп, учуулар 16-17 миң метр бийиктикте 2000 км/саат ылдымдыкта жүргүзүлөт эле. Ту-144 150 жүргүнчүгө эсептелсе да, 80ден ашык адамды алганга тыюу салынган эле. Ал колдонууда аз эле убакыт болду. 1977-жылы авикаттамдардан алынып салынды. Буга негизги себеп - анын моторлорунун “тойбогон топоздугу” эле – алар күйүүчү майды эбегейсиз сарптайт болчу. Учактарды колдонуу кирешеден чыгымды көп алып келген.
УЧУУ-ТЕХНИКАЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ |
|
Модификация | Ту-144 |
Канатынын кучагы, м | 28.80 |
Узундугу, м | 65.70 |
Бийиктиги, м | 12.85 |
Канатынын аянты, м2 | 507. |
Салмагы, кг: | |
- бош учактыкы | 91800 |
- максималдуу учуу | 195000 |
Моторунун түрү | 4 ТРДДФ НК-144А |
Тартуу күчү, кгк | нормалдуу 4 х 15000 форсажда 4 х 20000 |
Максималдуу ылдамдыгы, км/саат | 2500 (М=2,35) |
Крейсердик ылдамдыгы, км/саат | 2200 |
Уча алган алыстыгы, км | 6500 |
Үндөн бат учкандагы алыстык, км | 2920 |
Уча алган бийиктиги, м | 18000-20000 |
Экипаж | 3 |
Пайдалуу салмак | 150 жүргүнчү же 15000 кг жүк |
Маалыматтар "Уголок неба" сайтынан алынды.
ЖАРНАМАНЫН ОРДУ