Учакты кантип учуруш керек

Учактар ар түрдүү келет. Бирөө алыстыкка учканга эсептелсе, башкасы абада калкып учканга. Буга жараша учактарды учуруу ыкмалары да айырмаланат.

Алыстыкка учууга эсептелген учактарды мүмкүн болушунча катуу горизонтко болжол менен 45 градуста бийиктикке ыргытыш керек. Учак параболага жакын траектория боюнча учат.

Толугу менен

Жаңылыктар , ,

Кагаз учактарынын мелдештери

Кагаз учактары менен негизинен жаш балдар кызыгып ойногону менен, чоңдор да алардан кем калышпайт. Ал эмес дүйнөлүк мелдештерди өткөрүп турушат.

Алардын эн атактуусу Red Bull Paper Wings. Автрияда өткөн бир бул мелдешке 48 өлкөнүн өкүлү катышкан. Жалпысынан жергиликтүү тандоо мелдештерин эсепке алганда 9500 адам бири-бири менен жарышка чыгышкан.

Бул чемпионат негизинен жабык жайларда өткөрүлүп, мелдештин үч түрү боюнча өтөт: алыстыкка учуруу, абада көп убакытка учуруу жана аэробатика.

Толугу менен

Жаңылыктар , , ,

Бульдог. Оригами

 
Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу жеңил
Учушу жакшы
Кыскача маалымат Бул учактын мындай аталышы тумшугу бульдогдукуна окшоштугунан. Бирок жакшы учат.

Толугу менен

Жеңил, Оригами , , ,

Узунмурун. Жөнөкөй

Кагаздын форматы 22,5 см Х 14 см өлчөмүнөн кем эмес
Кагаздын түрү ватман
Учактын түрү жөнөкөй учак
Жасоо ыкмасы кесип-желимдөөө
Жасоо оордугу жеңил
Учушу орто
Кыскача маалымат Бул учактын автору Аркадий Пономарев. Ал учакты эски түстүү журналдардын мукабасынан жасачу. Биз ватманды колдонсок болот. Бул учактарды түз учуруу машакаттуу иш. Бирок өлчөмдөрүн так кылып кессеңер жана элерондорун туура койсоңар, автордун айтымында, учак адам боюндагы бийиктен учурулса 10-12 метрге чейин уча алат. Бирок мен ага жете албадым.

Толугу менен

Жөнөкөй учактар , , ,

Ту-144. Жөнөкөй

Кагаздын форматы открытканын өлчөмү, 10,5 см Х 14,5 см
Кагаздын түрү открытка, калың ватман
Учактын түрү жөнөкөй, модель
Жасоо ыкмасы кесип желимдөө
Жасоо оордугу жеңил
Учушу жакшы
Кыскача маалымат Бул учактын автору Володя Тетешкин. Кагаз учак бир кезде атактуу, үн ылдамдыгынан бат уча алган дүйнө жүзүндөгү биринчи адам ташуучу Ту-144 лайнерине окшошуп кетет. Учакты жасоодо калың почта открыткасы колдонулат. Открытка кол алдымда болбогондуктан анын өлчөмүндө блокноттун мукабасын колдондум.

Толугу менен

Жөнөкөй учактар , , , ,

Энциклопедия толукталды

Энциклопедияга атактуу Як-3 учагы тууралуу маалымат кошулду.

Жаңылыктар , , ,

Блогдо "Энциклопедия" бети ачылды

Бул блогдо "Энциклопедия" бети ачылды. Азырынча анда бир гана италиялык Fiat G.50 Freccia учагы тууралуу маалымат бар.

Жаңылыктар , , , ,

Freccia (жебе). Оригами

Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами, модель
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу орто
Учушу орто
Кыскача маалымат

"Freccia" италия тилинде "жебе" дегенди түшүндүрөт. Чын эле бул учак жебеге окшошуп кетет. Өзгөчө, бул түзүлүштүн авторунун айтымы боюнча, учактын фюзеляжын кууш кыла турган болсок. Бирок менин бул учакты жасап, аны  учуруу тажрыйбам учактын фюзеляжы кууш болсо анын түз жана туруктуу учушун камсыз кылуу бир кыйла оор боло тургандыгын көрсөттү.

Кошумча маалымат үчүн - экинчи дүйнөлүк согуш учурунда так ушундай аталышта италиялыктардын Fiat G.50 Freccia деген бир орундуу истребители болгон.

Толугу менен

Оригами, Орто , , , , ,

Космостук кеме. Оригами

Кагаздын форматы чакмак (квадрат)
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү оригами, модель
Жасоо ыкмасы бүктөө
Жасоо оордугу орто
Учушу орто
Кыскача маалымат Бул учактын түрүн жасоону Gery Hsu жазган китептен алдым. Ал өзү коно алган космостук кемеге чын эле окшош. Анан да жаман эмес учат. Бир гана аны учуруш бир аз оорчулукту пайда кылат. Биз кагаз учактарды учуруш үчүн алдынан кармаганга көнүп калганбыз, а бул учакта канаты ылдыйда, а фюзеляжы жогоруда жайгашкан.

Толугу менен

Оригами, Орто , , , ,

Калкыгыч. Жөнөкөй

Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү принтер кагаз
Учактын түрү жөнөкөй учак
Жасоо ыкмасы оригами
Жасоо оордугу жеңил
Учушу жакшы
Кыскача маалымат Бул да эң жөнөкөй кагаз учактын түрү. Аны 2-3 мүнөттө жасап койсо болот.

Толугу менен

Жеңил, Оригами , ,