Учуучу канат. Жөнөкөй

 
Кагаздын форматы өтө деле чоң эмес кагаз барак
Кагаздын түрү принтер кагаз, албом барагы
Учактын түрү жөнөкөй учак
Жасоо ыкмасы бүктөп кесүү
Жасоо оордугу жеңил
Учушу орто
Кыскача маалымат Бул кагаздан кесип жасай турган учактын эң жөнөкөй түрү. Анда биз көнүп калган учактардыкындай киль, туруктандыргычы (стабилизатору) жок. Салмак борборун жылыштырып, учактын жакшы учушун камсыз кылуу макстатында ширеңкенин чийи колдонулат - аны же ылдыга чыгарып, же артка тартып учактын жакшы учушун камсыз кылабыз.

Толугу менен

Жөнөкөй учактар , , , ,

Калкыгыч-2. Оригами

 
Кагаздын форматы А4
Кагаздын түрү  принтер кагаз
Учактын түрү оригами
Жасоо ыкмасы  бүктөө
Жасоо оордугу жеңил
Учушу  жакшы
Кыскача маалымат Бул учактын түрү глайдер (анг. "glider" - планер) деп аталат. Аны жасаш эң жеңил. Бул учактын өзгөчөлүгү анын канаттарынын учтары жогору карай бүктөлгөнү. Бул учактын түз учушуна кошумча жардам берет. Глайдердин мындан да жөнөкөй түру бар болгондуктан муну "Глайдер-2" деп атап койдук.

Толугу менен

Жеңил, Оригами , , , , ,

Салам

Ким гана балалык кезинде кагаздан учактарды жасап, аларды көк асманга учуруп, чоңойгондо учкуч же космонавт болгусу келбеди. Мен да андай элем. Учкуч болууну мага Кудайым буюрбаптыр. Бирок балалык кыял, авиацияга болгон сүйүү көкүрөктө жашап келет. Жыгачты аралап кесип, темирди ийип, моторун орноштуруп учакты жасаганды билбейм. Ага да өзүнчө шык керек окшойт. Бирок колума кагаз тие калганда андан учакты жасай коюп, асманга узатып калам. Абада калкып учуп баратканын көрүп өзүмдү кайра баягы жаш баладай сезип кетем. Убакыт өтүп уламдан улам жаңырак, башкачарак учактарды жасагым келип жатты. Ар-түрдүү булактардан  адамдын ойуна да келе турбаган кагаз учактарды жасоо боюнча компьютер толгондой маалыматтарды чогултканы жетиштим. "Собака не сенеге" окшошуп аларды катып жата бербей башкалар менен да бөлүшкүм келет. Балким мен сунуштаган учактар саны боюнча көп деле болбостур, бирок алардын ар-бирин өзүм жасап сыноодон өткөрүп гана сунуштайын деп жатам. Анткени Интернетте карасаң кооз, бирок жасай келсең - түшүнүксүз, машакаттуу түзүмдөр көп. Адам учакты жасоодон ырахат албай, кайрадан чарчайт, жинденет. Менде андай болбойт деп үмүттөнөм.

Кагаздан учактарды жасоонун ыкмалары көп. Мен негизинен бүктөө, кээде кесип желимдөө жолу менен жасалчуларды гана сунуштайм. Аларда мотор болбойт. Абада планер сыяктуу калкып уча тургандар гана.

Ушуну менен кошумча аэродинамика, учактын түзүлүшү, оригами тууралуу кыскача маалыматтарды берейин деп чечтим. Жакшы учакты жасаганга, а балким өзү жаңысын ойлоп-таап чыгарганга жардам болоттур.

Жаңылыктар , , ,