Адамзат жаралганынан баштап эле асманда кушка окшоп зымырап учуп жүрүү тууралуу кыялданса керек. Бирок бул кыялы ишке ашышы үчүн нечен деген кылымдар өттү.
Алгач адам батперекти (жипке байланып абада калкып тура алган абадан оор аппарат) ойлоп чыгарды. Тарыхка ишенсек, батперекти биринчилерден болуп кытайлыктар ойлоп чыгарышкан. Айрым маалыматтар боюнча, биринчи батперекти жасаган биздин доорго чейинки V кылымда жашаган Лу Баню деген адам болгон болсо, айрым маалыматтар батперекти Хуан Тенг деген генерал ойлоп чыгарган дешет. Эмне болсо да, батперекти жасоону дүйнө Кытай аркылуу билди. Кытай батперектери негизинен ар түрдүү жандыктарды элестетет эле. Илгерки (азыркы деле) кытайлыктар өзгөчө Ажыдаарды жасаганды жакшы көрүшкөн.
Ушуга окшош батперекти жасагың келсе, аны жасоо жолу менен бул жерден тааныша аласыңар.
Бул жерде акыйкаттык үчүн айта кетиш керек. Айрым окумуштуулар бетперекти кытайлыктарга чейин эле илгерки египеттиктер жасай билишкен дешет. Ал эмес курулуш иштеринде оор жүктү көтөрүүдө колдонушкан дешет. Буга далил катары бул сүрөттү келтиришет
Баарынан кызыгы, так ушул сүрөткө окшош ыкма менен ирандык окумуштуу Мортез Гариб узундугу 4,5 метр жана салмагы 3,5 тонна болгон стелланы шамалдын күчү менен көтөрүп, жерге тик орното алган.
Айрым маалыматтар боюнча, адам дагы батперек менен абага көтөрүлгөнгө умтулган жана бул кыялын ишке ашыра алган. Мисалы, белгилүү тибет кечили Лобсанг Рампа өзүнүн "Үчүнчү көз" деген китебинде тибет кечилдеринин жана өзүнүн батперкте учканы тууралуу жазат. Анын айтымында, тибеттик кечилдер батперекте учууну илгерки замандан бери колдонуп келишкен.
Бирок эмне болсо да бул батперек, ал жип менен бир жерге байланган, бул кушка окшоп каалаган жакка эркин учуу эмес. Асманга кушка окшоп учуш үчүн адамзат кандай гана түзүлүштөрдү ойлоп чыгарбады. Алардын эн алгачкысы планер (калкыгыч, мотору жок абада учкан абадан оор аппарат). Планерлордун түзүлүшүнүн өнүгүүсүнө эң чоң салым кошкон адам 19-кылымда азыркы Германияда жашаган Отто Лилиенталь деген ойлоп табуучу болгон.
Планерлордун түзүлүштөрүн ойлоп чыгарып, жакшыртып жатып өзүнүн абада учуусун алгачкы 12 метрден 300 метрге чейин жеткирген. 1896-жылдын августунда кезектеги планерун сынап жатып каза болгон. Отто Лилиенталь кийинки учактарда кадыресе көрүнүш болуп калган бийиктик рулун, канаттардын биринин үстүнө бири жайгашышын (биплан) жана да көп нерселерди биринчилерден болуп ойлоп тапкан.
Бирок да асманда адамдын эркин учуп жүрүшүнө жол брбеген нерсе - бул адамды асманда кармай алгандай күчтүн, б.а. жеңил, бирок кубаттуу мотордун жоктугу эле. Адамдардан биринчи болуп буга жакындаган орус ойлоп табуучусу Александр Можайский болду. Ал 1882-жылдын 20-июлунда моторлуу учагын абага көтөргөнгө аракет кылган.
Бул учактын салмагы тоннага жакын болуп, канаттарынын аянты 370 чарчы метр болгон. Буу менен иштеген моторунун кубаттуулугу 30 аттын күчүнө барабар эле. Бирок сыноо учурунда учак абага бир аз көтөрүлүп, ылдамдыгын жоготуп жерге кулаган. А.Можайский аны оңдоп жасаганга жетишпеди.
Тарыхтагы адамдын учакта биринчи жолу абага көтөрүлүшү 1903-жылдын 17-декбрында болду. Райт бир туугандарынын учагы абада 12 секунд кармалып дээрлик 36 метрге чейин учкан.
"Флайер-1" деп аталган Райт бир туугандарынын учагыныны канатынын узундугу 12 метр, салмагы 283 килограмм, ал эми бензин моторунун кубаттуулугу 15 аттын күчүнө тете болгон.
Кийин техниканын өнүгүшү менен, өзгөчө кубаттуу, бирок да жеңил дагы моторлордун, жеңил, бекем материалдардын пайда болушу менен авиация болбогондой тез өнүгө баштады. Бир кылымга жетпеген аралыкта адамзат абаны гана багындырбастан, абасы жок космоско да чыга алды.