Кагаз учактарынын мелдештери

Кагаз учактары менен негизинен жаш балдар кызыгып ойногону менен, чоңдор да алардан кем калышпайт. Ал эмес дүйнөлүк мелдештерди өткөрүп турушат.

Алардын эң атактуусу Red Bull Paper Wings. Австрияда өткөн бир бул мелдешке 48 өлкөнүн өкүлү катышкан. Жалпысынан, жергиликтүү тандоо мелдештерин эсепке алганда, 9500 адам бири-бири менен жарышка чыгышкан.

Бул чемпионат негизинен жабык жайларда өткөрүлүп, мелдештин үч түрү боюнча өтөт: алыстыкка учуруу, абада көп убакытка учуруу жана аэробатика.

Биринчи эки түрү катуу талаптары жана чектөөлөрү менен айырмаланат. Катышуучулар А4 форматындагы тыгыздыгы 80 г/м2 кадимки офистик кагазды гана колдонушу керек. Учакты бүгүп гана жасоо шарт. Жок дегенде бир жерин кесүүгө, желимдөөгө же болбосо башка кошумча материалдарды (тиркегич, кошумча кагаз, пластилин, скотч) колдонууга тыюу салынган. Болгондо да катышуучулар учакты мелдеш өтүп жаткан жерде жасашы керек.

Учакты учуруу эрежеси да бар. Адам учакты учуруп жатканда эки буту менен жерде болушу абзел. Учураардын алдында бир кадам жасоого уруксат берилет. Бирок адам чектен чыгып кетсе – утулушка тете.

Алыстыкты учак спортчулдун колунан учуп чыккан жерден баштап биринчи жолу жерге тийген жерге чейин санашат. Алыстыкка учуруу боюнча учурдагы рекорд 1985-жылы коюлган болчу. Тони Фелчтин Nemesis деген учагы 58,82 метр аралыкты багынткан. Кызыгы, анын учагы биз жасап жүргөн учактын классикалык түрүнүн бир аз гана жакшыртылган түрү болуп эсептелет.

Негизинен алыстыкка учурууга катышкан учактар найзага окшош келишет: кууш, узун, канаттары катуу, салмак борбору учактын баш жагына жылыштырылган.

Ал эми учактын учуу убактысы жанакыдай эле, учак спортчулдун колунан учуп чыккан убакыттан баштап биринчи жолу жерге тийген убакытка чейин эчептелет. Учурдагы рекорд 27,6 секундага барабар. Ал Кен Блэкберн тарабынан 1998-жылы коюлган. Бизде Кен Блэекберндин убакытка учуу боюнча мурдагы рекордду койгон (18,8 секунд) башка учагынын түзүлүшү жана аны жасоо жолу бар.

Бул мелдешке катышкан учактар түзүлүшү боюнча алыстыкка учурула турган учактардан кескин айырмаланат: канаттары катуу болбогону менен алар мүмкүн болушунча жазы жана чоң, жакшы балансталган.

Аэробатика боюнча мелдеште спортчулдар учактарын ар түрдүү фигураларды жасатканга (Нестеревдин айланмасы, бочка, толкундар) аракеттенишет. Бул жерде эч бир чектөөлөр жок. Каалаган өлчөмдөгү кагаздарды, алардын каалаган түрүн колдонсо болот. Учакты алдын ала даярдап келүүгө да тыюу салынбайт. Учакты учурууда да эрежелер жок. Жюри фигуралардын татаалдыгына жана алардын таза жасалгандыгына көңүл бурушат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *