Оригамиде
Оригамиде негизинен А4 форматындагы принтер кагаздары колдонулат. Бул форматтагы кагаздын өлчөмү 21 см х 29,7 см. Бирок айрым өлкөлөрдө принтер кагаздарынын өлчөмдөрү айырмаланып, учактардын жасоо жолу ошо өлчөмгө эсептелген. Мындай учурларда бул учак түзүлүштөрүн биздеги стандарттагы кагазга тууралап сунуштайбыз.
Ошондой эле көп учурда чакмак (квадрат) формасындагы кагаз талап кылынат. Мындайда керектүү кагазда кадимки эле А4 форматындагы кагаздан жасап алсак болот. Аны жасоо жолу төмөнкү сүрөттөрдө көрсөтүлгөн.
Жөнөкөй жана модель учактарды жасоодо
Жөнөкөй жана модель учактарды жасаш үчүн бизге негизинен төмөнкү аспаптар керек болот: кайчы, карандаш, сызгыч, желим (клей), желимдегич аспап (көбүнесе кыл калем (кисточка), циркуль, транспортир, курч кагаз кескич колдонулат.
Ал эми материалдар: кадимки А4 форматындагы принтер кагазы, альбом кагазы же ватман, картон, тиркетме (скрепка), ширеңкенин чийи.
casino beziers http://www.jpfchat.com/les-articles/